Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Быйыл Талас шаарын өнүктүрүү программасынын алкагында Э.Кутманалиев атындагы стадионду толук заманбап талаптарга келтирүү пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Талас аймактык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарындагы Э. Кутманалиев атындагы стадиондун эскиздик долбоору даярдалууда.
Пикир
Оставить комментарий