Талас шаарынын мэри жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев 2-апрелде жарандарды жеке маселелери боюнча коомдук кабылдамада кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда калаа башчы шаар тургундарынын көйгөйлөрүн укту.

Натыйжада шаар башчы тарабынан жарандардын бардык кайрылууларына жооптор берилип, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине кайрылган жарандардын маселелери боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Талас шаарынын тургундары тийиштүү маселелери менен ар шейшемби саат 9дан 12ге чейин шаар башчысы Эрмат Жумаевге, ар шаршемби саат 9дан 12ге чейин мэрдин биринчи орун басары Эркин Аскаровго кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий