• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Араван РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен аймактарды кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Араван РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен аймактарды кыдырууда. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен барып Керме-Тоо айылынын жашоочуларына жолугушту.

Жолугушуунун максаты - жаз келип ар кандай коомдук иш-чаралар көбөйө баштагандыктан мыйзам бузууларды болтурбоо, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка бөгөт коюу болуп саналат.

Көчмө кабылдамада милиция кызматкерлери тарабынан бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, ар кандай социалдык маселелери бар тургундардын суроо талаптары арыз иретинде алынды. Айыл эли негизги көйгөй катары оор жүк ташуучу автоунаалардын жолдорду бузуп жаткандыгын айтышты. Кабыл алынган арыздар тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий