Бишкек, 17.04.20. /Кабар/.18-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк, 19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч алып келет.
Пикир
Оставить комментарий