Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Таласта 3-кабаттан секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас шаарынын Өмүрбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан аял киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, милиция кызматкерлери менен биргеликте секирген аялды одеял менен тосуп алып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Аялдын абалы канааттандырарлык.
Пикир
Оставить комментарий