Бишкек, 17.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Буга чейин Таластын Манас районунда дыйкандар насыяга алган арпа үрөндөрүн кара көө каптап жатканын айтып чыгышкан.
“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев Таластын Манас районунун эки айыл өкмөтүндө вакула сортундагы арпада кара көөнүн болушу байкалгандын билдирди.
“Ал үрөн 277 тонна көлөмдө Россиядан “Семена Ставрополья” фирмасынан келишим менен алынган. Үрөн 1 миң 300 гектар жерге деп 13 районго бөлүштүрүлгөн. Кара көөнүн биринчи фактысы катталгандан кийин министрлик тарабынан райондук башкармалыкка Россиядан келген үрөн себилген жерлердин баарына ревизия жүргүзүү тапшырмасы коюлган. Ал эми арпаны эгип койгон дыйкандарга кара көө баскандарын колдору менен чогултуп, өрттөп салууну сунуш кылабыз”, - дейт ал.
Мукашевдин айтымында, кара көөнүн биринчи фактысы катталгандан кийин “Семена Ставрополья” фирмасына чара көрүү боюнча маалымат жиберилген.
“20-июнда ал фирманын жетекчилиги Кыргызстанга келет. Биз ага бардык акт, материалдарды өткөрүп беребиз. Алар менен компенсация маселесин сүйлөшөбүз. Насыя боюнча айтсам, дыйкандарга эки жылдык мөөнөткө төрт пайыз менен берилиши бекердей болуп жатат. Бирок, быйыл дыйкандар түшүм алат”, - деди министрдин орун басары.
Мукашев жаратылышта бул сыяктуу оорулар дайыма болуп келерин белгилеп, бул учурда алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин кошумчалап кетти.
Министрликтин сертификация бөлүмүнүн башчысы Дамир Байдалиевдин пикиринде, өлкөгө келген ар бир үрөн текшерүүдөн өтөт.
“Ал эми бул кара көө эки жылда өнүгөт, башкача айтканда, эки жылдан кийин пайда болот. Алгачкы инкубациялык мөөнөттө кара көөнүн клеткасы жабышат дагы, үрөндө эч кандай өзгөрүү болбойт. Мындан анчалык трагедия кылуунун кажети жок. Бир гана түшүмдү кийинки жылы үрөн катары пайдаланууга болбойт. Бирок, дыйкандар чарбалык багытта пайдалана берет, эч кандай чыгым болбойт”, - деди ал.
Ысык-Ата районунун “Таза-Жан” үрөн чарбасынын башчысы Закир Коомбаев үч жыл мурун ал райондо дагы арпаны кара көө каптаганына токтолду.
“Адистерди чакырып консилиум кылганбыз. Кара көө түшүмгө таасирин берген эмес. Биз 100 гектар жерге айдаган элек. Кийинки жылы азыраак жерге дарылып сепкенбиз. Дыйкандардын көбү дарылабастан сээп жаткандыктан ушундай көрүнүштөр болуп жатат”, - деп билдирди ал.
Пикир
Оставить комментарий