• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Майлуу-Сууда бөтөлкөлөшүн мыкаачылык менен өлтүргөн жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Майлуу-Суу шаардык милициясы өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-майда шаардын Заречная көчөсүндө 55 жаштагы Б.А. аттуу жарандын бети-башы жарылган абалда киши колдуу болгон сөөгү табылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Майлуу-Суу шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.С. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө алар ичип отуруп, ортолорунда чыр чыккан, натыйжада шектүү жабырлануучунун башына таш менен уруп жиберген, ал алган жаратынан улам каза болуп калгандыгы аныкталган.

Шектүүгө сот тарабынан 2 айга камакка алуу чечими чыгарылып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий