• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

Таласта Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда коомдук жана саясий ишмер, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата өзү туулган Талас облусунун Кызыл-Октябрь айылында бир катар иш-чаралар башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Акназаровдун элине кылган эмгегин эскерүү иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлерден турган расмий өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Корчубек Акназаровдун эстелиги ачылып, ал жөнүндө тартылган кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, өмүр жолу тууралуу илимий доклад окулмакчы.

Мааракенин урматына атайын спорттук мелдештер да уюштурулган. Келген коноктор кыргыздын улуттук оюндары: көк бөрү, ат чабыш, кыргыз күрөшү сындуу бир катар оюндарга күбө болушуп, оюнчуларга байгелер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий