• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Таласта Олимпиада оюндарынын катышуучулары жана машыктыруучулары сыйланды

Коом 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Таласта Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды. Салтанаттуу иш-чара “Манас Ордо” улуттук комплексинде өттү.

Сыйлоо аземи президенттин Таластагы өкүлчүлүгү тарабынан демилгеленип, Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы башкы демөөрчү болду. Ошондой эле Kyrgyz Logistics Services менен ADJI Service компаниялары да колдоо көрсөттү.
100 миң сомдон баштап 3 млн сомго чейинки акчалай сыйлыктын сертификаттары 8 спортчуга, алардын биринчи жана жеке машыктыруучуларына, курама командалардын машыктыруучуларына тапшырылды.

Акчалай сыйлык алган спортчулар:
- Мээрим Жуманазарова (күмүш медаль) — 3 млн сом,
- Жоламан Шаршенбеков (коло байге) — 1,5 млн сом,
- Үзүр Жусупбеков (коло медаль) — 1,5 млн сом,
- Айсулуу Тыныбекова (коло байге) — 500 миң сом,
- Акжол Махмудов (коло медаль) — 500 миң сом,
- Мунарбек Сейитбек уулу (күмүш байге) — 1 млн сом,
- Айпери Медет кызы (бешинчи орун) — 300 миң сом,
- Бекзат Алмаз уулу (бешинчи орун) — 300 миң сом.

Акчалай сыйлык алган машыктыруучулар:
- Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев — 150 миң сом,
- Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков — 150 миң сом,
- Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоков — 100 миң сом,
- Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев — 100 миң сом,
- Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын улук машыктыруучусу Арсен Эралиев — 100 миң сом,
- Жоламан Шаршенбековдун биринчи жана жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов — 200 миң сом,
- Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов — 100 миң сом,
- Үзүр Жусупбековдун жеке машыктыруучусу Раатбек Мамбетов — 100 миң сом,
- Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков — 100 миң сом,
- Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу Нурсултанбек Аскарбеков — 100 миң сом,
- Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев — 100 миң сом,
- Бекзат Алмаз уулунун жеке машыктыруучусу Рапилбек Асылбеков — 100 миң сом,
- Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарованын биринчи машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров — 200 миң сом,
- Үзүр Жусупбековдун биринчи машыктыруучусу Аязбек Ювашбаев — 100 миң сом,
- Бекзат Алмаз уулунун биринчи машыктыруучусу Ислам Тазабеков — 100 миң сом.

Андан тышкары боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна, балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулуна тулпар мингизилип, балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызына зер буюмдар белекке берилди.

Пикир

Оставить комментарий