• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жер мунапысы. Аламүдүн районунда 437 жаранга кызыл китеп берилди

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, 437 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырылды. Бул тууралуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтер атайын комиссиянын чечими менен жактырылды. Кызыл китепке ээ болгондор төрт конуштун тургундары. Жалпы район боюнча ушуну менен миңден ашуун турак жай мыйзамдаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий