Бишкек, 12.01.25. /Кабар/. Таласта пара алган милициянын участкалык инспектору камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады.
11-январда КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" боюнча кылмыш ишинин алкагында Талас райондук ИИБнын милициянын участкалык инспектору Ж.Т.А. үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүүнү токтоткондугу үчүн талап кылынган сумманын 20 миң сом бөлүгүн алгандан кийин кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам – тергөө иш-чаралары улантылууда.
Белгилей кетсек, бул коррупциялык көрүнүштөрдүн жоопкерчилик чараларын күчөтүү боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийинки жаңы жылдагы алгачкы учур болуп жатат.
Эске салсак, 2024-жылдын 31-декабрында президент Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган. Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик, муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн Жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган.
УКМК мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда жарандарды 03422 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефондоруна кайрылууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий