• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Таласта өспүрүм кыз көлгө чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Талас облусунун Көк-Ой айылында 15 жаштагы өспүрүм кыз Нылды көлүнө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыздын туугандары куткаруучуларга жардам сурап бүгүн саат 12:30да кайрылышкан. Жерине издөөгө КР ӨКМнин Талас шаардык Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Жергиликтүү тургундар кыздын жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий