• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан өспүрүм кыз куткарылды — видео

Кырсык 0


Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Кечээ, 28-июлда Ысык-Көлдөгү "Алия" мейманканасынын алдында көлгө 16 жаштагы Э.А. аттуу кыз чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ошол учурда “Алия” эс алуу жайынын тушундагы жээкте суучул-куткаруучулар бир нече күн мурун чөгүп кеткен төрт жашар кызды издеп жатышкан.

Издөө ишинде жүрүшкөн үч куткаруучу жана эки суучул көлгө чөгүп жаткан өспүрүм кызды байкап калып, аны суудан аман-эсен алып чыгышкан. Кыз тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий