• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери Бишкекте 2 өспүрүм жол кырсыгынан каза болуп, 373ү жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкек шаарында жаш балдардын катышуусунда 332 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, андан 373 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алып, экөө каза болгон.

Билдирүүдө кырсыктардын көбү сүзүү фактысы менен коштолуп жаткандыгы айтылат.

Милициянын кайгуул кызматы мектептерге бекитилген кызматкерлерге окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында атайын сабактарды өткөрүүдө.

Сабактын алкагында өспүрүмдөргө жолдо өзүн коопсуз алып жүрүү, чоң унаа жүрүүчү жолдорго чуркап чыкпоо жана түнкүсүн жарык берүүчү элементтерди колдонуу багытындагы талаптарды жеткирүү тапшырмасы коюлду.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан 104 жалпы билим берүүчү орто мектептин ар бирине жалпы 168 кызматкер бекитилип, алар мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун көзөмөлдөшөт.

Пикир

Оставить комментарий