Таласта стадионду реконструкциялоонун баасы 4 млн сомго негизсиз жогорулатылган

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Таластагы Э.Кутманалиев атындагы спорт стадионун реконструкциялоонун баасын негизсиз жогорулатуу фактысы боюнча "ТЗХ" муниципалдык ишканасынын директору жана подряддык уюмдун өкүлү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Талас шаарынын мэриясынын жана "Талас жашыл чарбасы" муниципалдык ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан Э.Кутманалиев атындагы стадионду капиталдык ремонттон өткөрүүдө подряддык уюмдун кызыкчылыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга тиешелүү лицензиясы, ошондой эле бул жааттагы иш тажрыйбасы жок экендигине карабастан муниципалдык ишкананын жооптуу кызматкерлери тендер өткөрбөстөн подряддык уюм менен 25 млн сом суммасында түз келишим түзгөндүгү такталды.

Э.Кутманалиев атындагы стадиондун капиталдык ремонту боюнча физикалык көлөмдөрдүн, эмгек акынын индексинин, салыктардын жана материалдардын наркынын айырмачылыгы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына 4 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча "ТЗХ" МИнин директору А.М. жана подряддык уюмдун өкүлү Т.С. кармалып, Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий