• 87
  • 90.64
  • 0.85

Таласта жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын оңдоо иштери аяктады

Аймак 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. 2024-жылы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында Таласта 35 кВ жана андан жогорку 934,4 чакырым аба чубалгыларында оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча пландалган иштер толугу менен аяктады.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Талас облусунун аймагына быйылкы жылы 2 миң даана көлөмүндөгү фарфор изолятор кулондорун айнектерге алмаштыруу иштери пландалып, аталган жумуштар толугу менен аткарылып бүттү.

Талас электр тармактар ишканасынын аба чубалгы ​​кызматы тарабынан 35 кВ жана андан жогорку аба чубалгыларынын тепловизордук текшерүүдөн (ТВК) кийин аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, 35 кВ жана андан жогору аба чубалгыларынын коопсуздук зоналарындагы бак-дарактардан трассаны тазалоо, ошондой эле бузулган жана иштен чыккан изоляторлорду алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий