• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде инвестиция тартуу жолу менен 10 айылда таза суу чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Баткен облусунун жалпы 10 айылы инвесторлордун, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү элдин аракети астында ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Аэропорт участкасына Андиген таза суу линиясынан 5 км аралыктан таза суу тартылды. Жергиликтүү бюджет эсебинен 240 миң сом жана “Ас-Сафа” коомдук бирикмеси тарабынан 710 миң сом каржыланды.

Баткен шаарынын Токтогул-Олуя конушуна “Кувейт Ас-Сафа” коомдук фонду тарабынан 3 чакырым аралыкка таза суу түтүктөрү тартылды. Долбоордун жалпы суммасы 1,5 млн сомду түзөт. Анын ичинен фонд тарабынан 1,4 млн сом, жергиликтүү бюджет тарабынан 0,1 млн сом бөлүнгөн.

Кадамжай районунда Масалиев айыл аймагынын Лесхоз айылына Ассалям эл аралык коомдук фондусунан 8100 м аралыкка таза суу түтүгү тартылып, 1,5 млн сом жумшалып пайдаланууга берилди.

Бирлик айыл аймагынын Сур айылына 1200 м аралыкка таза суу түтүгү тартылып, Ассава коомдук фондунан 1,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом, коомчулуктан 2,75 млн сом, жалпы 4,5 млн сом жумшалып, пайдаланууга берилди.

Орозбеков айыл аймагынын Кудук айылына 1400 м аралыкка Кувейт коомдук фондунан 146 миң сом, райондук мамлекеттик администрациядан 30 миң сом, айыл өкмөттүн эсебинен 15 миң сом, коомчулуктан 176 миң сом, жалпы 367 миң сом каржыланып, ичүүчү суу чыгарылды.

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтү Ассалям эл аралык кайрымдуулук фондунан 3 млн сом каржыланып, таза суу тартылды.

Алга айыл өкмөтү KOIKO уюму тарабынан долбоордук сметасы 2,59 млн сом жумшалып, таза суу түтүгү пайдаланууга берилди.

Марказ айыл өкмөтүндө KOIKO уюму тарабынан 4,8 км аралыкка таза суу тартылып долбоордук сметасы 2,54 млн сом жумшалып пайдаланууга берилди.

2021-жылдын январь айында Майдан айыл аймагынын Бак айылына “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду 350 миң сом каржылык колдоо көрсөтүп, Майдан айыл өкмөтү суу чыгаруу үчүн зарыл болгон трансформатор, 12 жогорку чыңалуудагы мамычаларды, электр зымдарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлгөн. Ал эми айыл эли 1000 л суу кампасынын курулуш иштерин колго алышкан.

Исфана шаарынын Ак-Булак айылынын таза суу системасы реабилитацияланып таза суу берилүүдө. Долбоор 2019-жылы Ас-Сафа өнүктүрүү фонду тарабынан колдоо таап, элдин жана жергиликтүү органдардын салымы менен жалпы суммасы 4 млн 900 миң сомдук жумуштар аткарылды. Суу системасынын жалпы узундугу 7 км түзөт.

Пикир

Оставить комментарий