• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто азык-түлүк жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-августта Ошто азык-түлүк жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Экономика жана коммеция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаков, нефтетрейдерлер, товар өндүрүүчүлөр жана сатуучулар катышып, анда Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында көмүрдүн, күйүүчү-майлоочу материалдын жана социалдык жактан маанилүү товарлардын (шекер, май, ун жана башка) бааларын көзөмөлдөө маселеси талкууланды.

Жыйында акыркы учурда актуалдуу болгон дизель отуну жана кум шекер базарындагы кырдаал боюнча маалыматтар берилип, өндүрүүчүлөр жана сатуучулар менен кеңири талкууланды. Мындан сырткары күз-кыш мезгилинин жакындап калгандыгына байланыштуу, көмүр өндүрүүчүлөр менен көмүрдүн баасы жана көлөмү тууралуу айтылды. Жыйындын катышуучулары баа саясаты боюнча суроолоруна тиешелүү жоопторду ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий