• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Таласта жылытуу системасы жарылып, 33 жаштагы келин каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Талас облусунда жылытуу системасы жарылып, келин каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 17-январда Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында болгон.

"33 жаштагы келин жаракат алып, ооруканага жеткирилген, тилекке каршы ал каза болуп калды. Ошондой эле келиндин 2 жашар уулу ысык суудан күйүк алган", - деп белгилешти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий