• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Таластагы "Манас ордо" комплексине жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине ылайык, Камил Мамадалиев Талас облусундагы Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексине башкы директору болуп дайындалды.

Жаңы жетекчини жамаатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова тааныштырды.

Камил Мамадалиев 1981-жылы 15-сентябрында Талас облусунун Талас районуна караштуу Хан-Бүргө айылында туулган.

Аткарган негизги кызмат орундары:

- Талас шаардык маданият бөлүмүндө усулчу (2001–2002);
- Талас шаардык билим борборунда “Манас таануу” боюнча жетекчи (2002–2003);
- Жерүй” алтын кенинде кызматкер (2006–2009);
- Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде китепканачы, улук илимий кызматкер (2011–2023);
- Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде жайгашкан “Манас эпосу” музейинин директору (2023-2024)

Сыйлыктары:

- “Маданияттын мыкты кызматкери”;
- Талас облусунун “ардактуу атуулу”.

Пикир

Оставить комментарий