• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Талибан” Ташкенттеги конференцияга катышуу үчүн кайрылган эмес – ӨР ТИМ

Коом 0

Ташкент, 13.03.18 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстан марттагыТашкент эл аралык Афганистан боюнча “Тынчтык процесси, коопсуздук жана аймактык алакалар тармагында кызматташуу” конференциясына катышуу тууралуу “Талибан” кыймылынын билдирүүсүн кабыл алган эмес. Бул тууралуу өзбек тышкы саясат ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

“Рейтер” агенттигинин куралдуу ооган оппозициясынын, анын ичинде “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн катышуу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна жооп берүүдө ӨР ТИМ Афганистан ТИМ аркылуу, түз дагы кайрылуу түшпөгөндүгүн билдирди.

Өзбекстан жана Афганистан демилгелеген жогорку деңгээлдеги конференцияга БУУ баш катчысы, БУУнун Афганистандагы атайын өкүлдөрү, ЕБ чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, ошондой эле Кытай, Россия, АКШ, Улуу Британия, Германия, Италия, Франция, Түркия, Индия, Иран, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ТИМ өкүлдөрү чакырылган. Катарга дагы чакыруу жөнөтүлгөн.

12-мартка карата форумга катышуу тууралуу алдын ала Афганистан, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркия ТИМ башчылары, ЕБ жогорку өкүлү жана БУУнун Афганистандагы атайын өкүлү ырасташты. АКШнын атынан мамкатчынын биринчи орун басары катышарын ТИМ билдирген.

Буга чейин 26-27-мартка пландаштырылган конференциянын ачылышына Өзбекстан жана Афганистандын президенттеринин катышуусу маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий