• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев тааныштырып, бул багытта өз пикирин билдирди.

“Мыйзам долбоорлору өлкөнүн калкынын арасында топтук жугуштуу ооруларды, тамак-аштан массалык түрдө ууланууларды же саламаттыкка башка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо максатында аталган тамак-аш азыктарын же чийки аш затын өндүрүү, жүгүртүү жана сатууда соода-сатык жана коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен техникалык регламенттердин эрежелеринин талаптарын бузгандарга карата мыйзамдуу чараларды күчөтүүгө багытталган”,- деди Марлен Маматалиев.

Ал эми Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун өкүлү белгилегендей, учурда 9 аталыштагы азык-түлүк коопсуздугунун продуктуларынын ичинен 5 түрү боюнча толук камсыздалган, 2 түрү боюнча – 80%, ал эми калган 2 продукция боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков мектептердин ашканаларын текшерүү тартибин тактоону сунуштаса, эл өкүлү Султанбай Айжигитов азык-түлүк продуктыларына, анын ичинен эт азыктарына болгон муктаждыкты эсепке алуу жана пландаштыруу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда демилгечи депутаттар тарабынан каралып, жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоо тапты.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары М. Маматалиев, Э. Кокулов, М. Алиев, Н. Сыдыгалиев, В. Раимбачаева, А. Абдибаева, А. Маткеримов, Б. Тентишев, Б. Түлөбаев, Исатбек к. Аида, Л. Лурова, Ш. Мажитова, Т. Мамытов, М. Сыдыков, Ы. Атажанов, Р. Жакышов, А. Козуев, А. Алтынбеков, Э. Токтошев, М. Темирбаева, Т. Икрамов.

Пикир

Оставить комментарий