Тармактык комитет Башкы прокурордун 2017-жылга карата отчетун эске алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин жыйынында 2017-жылдагы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Күн тартибине коюлган маселе боюнча КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов баяндама жасады.

Маселени талкуулоонун жүрүшүндө жаңы ачылган жагдайларгага байланыштуу Ө.Текебаевдин ишин кайра кароо маселесин көтөрдү. Башкы прокурор жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Ө.Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча арыз дыкат иликтенип чыккандан кийин жазуу жүзүндө жооп берилерин айтты. Мындан сырткары, жарандарга далидери жок мыйзамсыз эле кылмыш иштерин козгогон тергөөчүлөр менен прокурорлордун жоопкерчилиги тууралуу суроолор дагы болду. Ошону менен катар жер пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына тыкыр көзөмөл зарылдыгы белгиленди. Депутат Курманкул Зулушев КР Башкы прокурорунун ар жылдагы отчету кайталып, болгону анда сандар гана алмашып жатканын сынга алды. Депутаттын пикиринде, Башкы прокурордун отчетунда прокуратура кызматы тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтар эле эмес өлкө аймагында мыйзамдардын бирдей, так аткарылышы жана колдонулушу боюнча маалыматтар болушу керек.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү 2017-жылдагы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу КР Башкы прокурорунун отчетун эске алуу боюнча чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий