• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Күч бирдикте: ынтымак ийгиликтин ачкычы” конференциясы элге кайрылуу жолдоду

Коом 0

Бишкек, 29.05.18 /Кабар/. Кыргыз Улуттук Арабаев атындагы университетинде кыргыз элинин белгилүү интеллигенция жана чыгармачыл катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Күч бирдикте: ынтымак ийгиликтин ачкычы” конференциясы өтүп, анда жалпы Кыргызстан калкына кайрылуу жасалды. “Кабар” агенттиги ал Кайрылууну толугу менен келтирүүдө:

“КҮЧ БИРДИКТЕ: ЫНТЫМАК ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ”

аттуу кереге кеңештин катышуучуларынын жалпы Кыргызстандын элине

КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу мекендештер, кадырлуу калайык-калк, азыркы шартта бизге улуттук биримдик жана ынтымак аба менен суудай керек. Батыл кирип келген жаңы доордун талаптары коштогон ааламдашуунун албуут агымына туруштук берип, мамлекеттүүлүктүн желеги желбиреп, мекен-жерибиз бүтүн, эгемен элибиз тынчтыкта жашап тургандыгынын өзү чоң бакыт.

Бирок, Кыргызстанга кооптуу кырдаал жаратып жатышкан кээ бир ички жана сырткы күчтөрдүн активдешүүсү менен коомдо ар кандай бөлүнүүлөргө чакырык ташталып, биримдикке доо кетирүү аракети жүрүүдө. Алар атайлап, ыгы келсе, келбесе да, түндүк-түштүк маселесин жасалма күчөтүп, аймактык кызыкчылыктарды улуттук кызыкчылыктарга каршы коюп, эң бир аялуу диний ишенимдер, саясий көз караштардын ар-түрдүүлүгүн бөлүп жаруунун куралына айландырууну көздөшүүдө. КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков Ысык-Көл аймагына болгон иш сапар учурунда бул маселеге атайын токтолуп, бөлүп жаруучуларга каршы чаралар көрүлөрүн баса белгилеген.

Саясий тар кызыкчылыктардан улам тынч жатпаган, бийлик кумарынан чыга албаган кээ бир күчтөр, жаңы бийликтин жандуу иш аракеттерине ар кандай жолдор менен тоскоол болууну токтотпой жаткандыгынан улам, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн коомчулукка ачык кайрылып отурабыз. Адам-заттын тарыхында согуштардын дээрлик көпчүлүгү диний ишенимдердин, улуттук кызыкчылыктардын кагылышынан жана жер талаштан чыкканын жакшы билебиз. Демек, бир элдин ички ынтымагын мындай койгондо да, мамлекеттер аралык жаңжалга дүрмөт боло жүргөн аялуу маселелерди атайлап чаргытып, чагымчылдыкты күчөтүү -бери болгондо акылсыздык, ары болгондо мамлекеттүүлүккө болгон чыккынчылык!

“Күч бирдикте!”, “Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө! Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет” - дешип, “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып,” биримдикти туу тутуп келген элибиз ХХI-кылымдын башында “түндүк”, “түштүк” болуп бөлүнүп калбайт. Бөлүп жарууга, чагымчылдыкка жол жок!

Кыргызстандын мындан ары өнүгүп, өсүшү үчүн тынчтык жана туруктуулуктун, чындык жана адилеттиктин мааниси аябагандай зор. Жалпы элдик ынтымак-биримдикке жетишүү үчүн ырааттуу жүргүзүлгөн идеология, келечектүү багыт-максаттын тактыгы жана карманган баалуулуктардын бирдей болушу турмуш талабына туура келет. Баардык мамлекеттик ишмердүүлүктү илимий жетишкендиктердин негизинде жана түпкүлүктүү элдин салттуу баалуулуктарына ылайыктап жүргүзүү - өнүгүүнүн негизги таянычы экендигин таанып билгенибиз оң. Намыс ойгонуп, биримдикке келип, бир максатты көздөп, жандуу иш-аракеттер болгон жерде сөзсүз ийгиликтер жаралат. Ошондо гана, биз улуу элге айланып, кебелбес- кубаттуу мамлекет кура алабыз.

Кыргызстандын илимий-педагогикалык, чыгармачылык чөйрөсүнүн өкүлдөрү, аксакалдар катышкан жыйында кабыл алган Кайрылууну жалпы эл колдоп берет деп терең ишенебиз.

Бишкек шаары

29-май 2018-жыл

Пикир

Оставить комментарий