• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Тарыхта калган инсан. Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов 90 жашта

Аналитика 0

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жаш кутман курак мааракесине карата өлкө аймактарында улуу инсандын өрнөктүү өмүрүн, басып өткөн жолун чагылдырган иш-чара, илимий-конференциялар уюштурулууда.

Президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын Кыргызстандын экс-премьер-министрлеринин, өкмөт өкүлдөрүнүн башын бириктирип “Ынтымак Ордодо” өттү. Мааракеге арналган жыйында Апаз Жумагуловдун эмгек жолуна, эл үчүн кылган кызматына жана иш билги кесипкөйлүгүнө бирге иштешкен кесиптештери, замандаштары өз бааларын беришти.

Мында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов премьер-министрлик кызматка элдин турмушу оорлоп, өлкөнүн экономикалык байланыштары бузулуп, көптөгөн ишканалар иштебей калган өтө оор мезгил, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында келген.

“Ушундай кыйын мезгилде сиз элди шыктандырып, өлкөнү экономикалык жана саясий кризистен алып чыккан лидер болдуңуз. Элдин абалын көрүп, жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн аймактарды кыдырып келдиңиз. Премьер-министр өзү келип элдин абалын көргөндөн кийин бул сапарлар эл менен бийликтин диалогуна айланып кетти. Эл менен мындай диалог болбосо, социалдык чыңалуу кыйла күчөп, балким үч эмес, беш революция болмок.”,- деди Акылбек Жапаров.

Ал эми, замандашы Жумагул Сааданбековдун айтымында, кыргыз эли Апаз Жумагуловду биринчиден саясатчы катары эмес, чарбакер, куруучу катары тааныйт.

“Апас Жумагулов премьер-министр кызматында турганда мамлекет башчылары Т. Усубалиев, А. Акаев, А. Масалиев менен бирге иштешти. Ар бири менен жалпы тил табышып, урмат сыйдан ажырабай эриш-аркак эл үчүн кызмат кылды. Бул адамдык сейрек кездешчү сапат. Жумагуловдун саясаттагы кылдаттыгын, чеберчилигин, адамгерчилигин ачык көрсөтүп турат. Экинчиден Апас Жумагуловду Кыргызстанда чарбакер деп билишет, күн-түн дебей фабрика, заводдордо, колхоздордо жана курулуштарда жүрөөр эле. Бирок административдик-командалык системанын опурталдуу кемчиликтерин биринчилерден болуп сезип, А.Косыгиндин реформаларын терең түшүнүү менен колдоп иштегени өлкөдөгү көп жакшы иштердин аткарылыша өбөлгө болду ”,- дейт коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков.

Ошондой эле, коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева Апас Жумагуловдун кадр тандоодогу кыраакылыгына баа берип, бул адамдын ишенимине кирген соң, аны актабай коюш мүмкүн эмес экендигин билдирди.

“Чындыгында Апаз Жумагуловду чарбанын дыйканы, эмгекчил инсан катары билебиз. Апас Жумагулович менен бирге иштешкен мезгилде социалдык өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Ошол учурда азыркы М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, М. Мамакеев атындагы улуттук хирургия корпусу, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун имараты, Диагностикалык борбор жана башкалар курулган. А.Косыгин реформасы Апас Жумагулов тарабынан жакшы ишке ашырылган, экономиканын элдик – чарбалык тармагына гана эмес, социалдык маселелерге көңүл бурулуп, маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери курулган. Кадр маселесине келгенде Апаз Жумагулов менен иштөө жеңил жана кызыктуу эле. Кызматтагы гендердик теңчилик толугу менен сакталган. Анткени ошол мезгилде кадрлар компетенттүүлүгүнө, моралдык адеп-ахлактык сапаттарына карап тандалып алынгандыктан, башталган иштин баары ийгиликке жеткен. Адамды бир кызматка дайындаардан мурда, Апас Жумагулович абдан чоң сыноодон өткөрчү. Сыноосунан, текшерүүсүнөн өткөн адамга чоң ишеним артылчу”, - дейт коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева.

Салтанаттуу жыйынга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров Апас Жумагуловду кабыл алып, Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Ошондой эле "Ынтымак Ордого" Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгеги сиңген инсан катары Апас Жумагуловдун портрети илинди.

Эске салсак, 12-сентябрда Мамлекеттик тарых музейинде илимий-практикалык конференция өтүп, анын алкагында "Өрнөктүү өмүр" сүрөт көргөзмө ачылып, Апас Жумагуловдун өмүр таржымалына арналган тасма көрсөтүлгөн. Иш-чараны ачып жатып министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Апас Жумагулович көрүнүктүү инсан экенин, мамлекеттик башкаруучулардын азыркы мууну үчүн анын тирүү кезинде өмүр жолун урматтоого мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.

АПАС ЖУМАГУЛОВДУН ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮРҮ

“Тигил же бул кызматты берет деп күтүп отура бербей, пайдалуу иш менен алек бол, жок дегенде катардагы ишкерликти колго алып эмгек кыл. Ага каражат да табылат. Бардык жаш куракта барын башынан баштоого болот, керек болсо улгайган куракта да мүмкүнчүлүк кеңири. Суранба, басынба, андан көрө пайдалуу иш жасап, жеке ишиңди баштап, бардыгын кубандыр. Бул өлкөнүн тагдыры үчүн жеке жоопкерчиликтин үлгүсү болот”,- деген чакырыгын Апас Жумагулов "Премьер-министр. О деятельности Апаса Джумагулова" деген китебине жазган. Аталган китепте каарманыбыз ийгиликке жетүүдөгү көптөгөн сырлары менен бөлүшкөн.

Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук иштеринин башатында турган Апаз Жумагуловдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү учурлар болуп, 1986-1991-жылдары Кыргызстан Министрлер Советинин төрагасы, 1993-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматын аркалаган ишмердүүлүгүн айтсак болот. Кезинде саясатка аралашпоого аракет кылып, илим, чарба багытына ыктаган Апаз Жумагулов тескерисинче тагдырдын буйругу менен өз өмүрүн саясатка, мамлекеттик кызматка арнады.

ӨМҮР БАЯНЫ

Кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Апас Жумагулов 1934-жылдын 19-сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу болгон Апаз Жумагуловдун балалыгы согуш мезгилине дал келип, ошол кезде турмуштун оор түйшүгүн тартып чоңойгон. Атасы Жумагул 1939-1941-жылдары согушта болуп, кайтып келген соң кайра чакырылып, 1945-жылга чейин согуш майданында болгон. Ал аралыкта апасы катуу ооруп, төшөктө жатып калып, бир үй-бүлөнүн түйшүгүн тарткан балалыктагы эң оор күндөрү ушул учурга туш келген. Алгач Кой-Таш айылындагы мектепте билим алып, 1949-жылы Бишкектеги интернатка окууга тапшырган. Андан соң, Москвадагы И.М. Губкин атындагы нефть-газ институтуна тапшырып, 1958-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган.

ЭЛ КЫЗМАТЫНДАГЫ ЭМГЕК ЖОЛУ

Окуусун аяктагандан кийин 1958-жылдан Түштүк комплекстүү геологиялык экспедициясынын лаборанты, улук лаборанты болуп эмгек жолун баштаган. 1959-жылдан Чангар - Таш мунай кенинин улук геологу, Борбордук илимий изилдөө лабораториясынын башчысы, бургулоо конторасынын башкы геологу, «Кыргызнефть» башкармалыгынын башкы инженери болуп иштеген. Ошол учурда жаш иш билги адисти Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев байкап, 1973-жылы Кыргыз ССРнин Борбордук комитетинин бөлүм башчысы кызматына чакырат. 1979-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин катчысы кызматына дайындалат. 1985-жылы Кыргызстан Компартиясынын Ысык-Көл облустук Комитетинин биринчи катчысы болуп бекиген. 1986-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин төрагасы кызматына дайындалган. 1986-1990-жылдары КПССтин Борбордук текшерүү комиссиясынын, 1990-жылдын июль айынан баштап КПСС БКнын мүчөсү болгон. СССРдин, Кыргыз ССРинин эл депутаты кызматын аркалаган. 1993-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан республиканын өкмөтүнүн премьер-министри болуп дайындалып, өлкө тарыхында эң узак убакыт (төрт жылдан ашык) премьер-министр кызматын аркалаган. Бул эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Кыргызстан үчүн оор мезгил эле, бирок Жумагулов мээнеткечтик жана адилеттүүлүк менен өлкөдөгү абалды жакшыртуу аракетин көрдү. 1998-жылдын июнь айынан баштап дипломатиялык кызматта эмгектенип, Кыргызстандын Россиядагы, Германиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчи кызматтарын аркалаган. Академик, геология-минералогия илимдеринин доктору илимий наамынын ээси. Мамлекеттик кызмат менен бирге илимий багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп, 50дөн ашык илимий эмгектерди жазган. Апас Жумагулов Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү бир катар жогорку окуу жайлардын академиги болгонго жетишкен.

Кылымга тете өмүр сүргөн Апаз Жумагулов өз өмүрүндө жарандык согуш жана репрессия, фашизм, кансыз согуш жана заманбап ааламдашуу доорлорун башынан өткөрүп мамлекетибиздин өнүгүү баскычтарына, коомдун өзгөрүүсүнө күбө болгон улуу инсан. Мамлекеттик ишмер, кеменгер аксакал байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. Апаз Жумагулов I даражадагы Манас жана “Ак Шумкар” орденинин, "Кыргыз Республикасынын баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси, жогорку кызматтагы аткаминерлердин насаатчысы.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги, Чолпон Жумалиева

Сүрөттөр Жээнбек Сагыналиевдики

Пикир

Оставить комментарий