• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Таш-Көмүр милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана майыптыгы бар балдарга белек берди

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Таш-Көмүр милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана майыптыгы бар балдарга белек берди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Азенбек Козукеевдин демилгеси менен 2022-жаңы жылдык иш-чаралардын алкагында, ШИИБнин өздүк курамы Таш-Көмүр шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жаш балдарга жана майыптыгы бар балдарга Жаңы жыл майрамына карата, аларга колдоо жана жакшы маанай тартуулоо максатында, жашаган жерлерине барып, атайын даярдаган белектерин Аяз кыз менен кошо тапшырышып, жеринде куттуктоолорун жылуу сөздөрүн айтып, көңүлдөрүн көтөрүп, жүздөрүнө жылмаюу тартуулашты.

Таш-Көмүр милициясынын бул жасаган белегине жергиликтүү тургундар өз ыраазычылыктарын айтышып, иштерине ийгилик, бекем ден соолук каалашты.

Ошону менен катар, шаар аймагында майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүдө жана коомдук тартипти камсыздоо, ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында, эл көп жүргөн жерлерде жана автоунаалардын иретсиз токтотулуусу боюнча ШИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте атайын иш-чаралар жүргүзүлүп, жол жээгинде соода-сатык менен алектенген жарандарга, айдоочуларга жана шаар тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий