• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Таш-Көмүр шаарында кыска мөөнөттүү 3 бала бакча ачылды

Билим 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарындагы "Мишутка", "Жомок" бала бакчаларынын жана Т. Сатылганов атындагы №4 мектептин базасында кыска мөөнөттүү (3 сааттык) тайпалар түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдары октябрь айынан бери иштеп жатат. Балдар бакчада эки нөөмөт менен тарбияланууда: 1-топ саат 9:00дөн 12:00гө чейин, 2-топ 13:00төн 15:00гө чейин.

Бакчалар Билим берүү министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында түзүлдү.

Министрлик тайпалар үчүн бөлүнгөн бөлмөлөрдү толугу менен оңдоодон өткөрүп, керектүү болгон бардык жабдыктар, куралдар менен камсыздады: санитардык-гигиеналык шарттар, килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий