• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ташиев добуш сатып алуу менен алектенгендер жоопко тартыларын эскертти

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Добуштарды сатып алуунун кереги жок, деди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңеште республикалык бюджетти кароо учурунда.

Ал белгилегендей, мамлекет тарабынан шайлоону ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

"Мен бардыгына, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге кайрылат элем, эгер кайсы бир партияга үгүт иштерин жүргүзсөңөр жоопкерчиликке тартыласыңар. Каалаганыңызга добуш бериңиз, бирок үгүт жүргүзбөңүз. Мындан ары парламенттик болобу, президенттик болобу бардык шайлоолор ушундай болот. Эл шайлаган адам болот. Буга чейин шайлоо кандай болгонун билесиңер, бардыгына көз жумуп коюшчу, азыр андай кыла албайбыз. Ким болбосун, баарын жоопко тартабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий