• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Ташиев эл аралык деңгээлде Кыргызстандын туусун желбиреткен спортчуларды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы камчыбек Ташиев Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, ийгиликтүү жыйынтык менен келген УКМКнын жоокери Р. Сапаровду кабыл алды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Р. Сапаров ДКОдо өзүнүн шамдагай жана күчтүүлүгүн көрсөтүп, "ашырмалы аба күрөшү" боюнча 1-орунду ээлеп, эл аралык деңгээлде Кыргызстандын туусун желбиреткен.

Мындан улам УКМК төрагасы жаш жоокерди жетишкен ийгилиги менен куттуктап, ага ден соолук, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле ата-мекендин коопсуздугун коргоодо ар бир жоокер өз милдеттерине так болуп, берилгендик менен кызмат кылуусу керектиги белгиленди.

Аны менен катар Камчыбек Ташиев грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Жанышов Асан Курбановичти да кабыл алды.

Буга чейин Асан Жанышов Испанияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында 87 кг чейинки салмак категориясында алтын медаль утуп, анда Грузия, Швеция жана Румыниядан келген спортчуларды үч жолу жеңип, финалда азербайжандык балбандан күчтүү экени аныкталган.

Мамкомитеттин башчысы жаш чемпионду спорттогу мындай жогорку жетишкендиги менен куттуктап, ага чың ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы өзгөчөлөнгөн спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырып, ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий