• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Ташиев: Коррупция менен күрөшүүнүн алкагында билим берүү тармагынын 34 кызматкери жоопкерчиликке тартылган

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Коррупция менен күрөшүүнүн алкагында билим берүү системасынын 34 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-январда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди.

Атайын кызматтын башчысынын айтымында, мындан улам мамлекеттин кирешесине 207 млн 700 миң сом кайтарылган.

"2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта билим берүү тармагы боюнча жогорку билим берүү системасынын 34 кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, жумуштан алынган",-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн 16-январда Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрүп, коррупция сыяктуу ыплас иштер менен биргелешип күрөшүү керектигин айтып, ар бир кызматкерди таза жана адилеттүү иштөөгө, жемкорлукту жок кылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий