• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ташиевдин феномени. Сөзүнө бекем турган мекенчил, намыскөй инсан

Аналитика 0

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жетектеген үч жыл ичинде Кыргызстан уюшкан кылмыштуулуктан жана саясий коррупциядан арылуу жолуна түштү. Атайын кызматтын системалуу иш-аракетинин натыйжасында кылмыш чөйрөсү тизгинделип, ондогон паракорлор менен казынага кол салгандар темир тор артына отургузулуп, уурдалган миллиарддаган каражаттар мамлекеттин бюджетине кайтарылды.

Дээрлик күн сайын жер тилкелери, мектеп, бала бакча, оорукана имараттары, ал гана эмес коррупционерлер ар кандай жолдор менен басып алууга аракет кылган өндүрүш объектилери мамлекетке кайтарылып жаткандыгына күбө болуудабыз. Камчыбек Ташиев элдин мүлкүн уурдагандар эртеби-кечпи аныкталып, өз жазасын аларын иш менен далилдеп жатат.

УКМК башчысынын жетекчилиги алдында көп натыйжалуу иштер аткарылды, бирок ал муну менен токтоп калбастан алдыга койгон пландарын жүзөгө ашырууга жан үрөп келет. Ал жакында эле системада чечилбей жаткан маселелер бар экен ырастап, коррупцияга каршы мыйзамдарды катаалдатып, чечкиндүү өзгөртүүлөргө баруу керектигин айтты.

“Биз дагы деле коррупция менен күрөшүү иштеринин аягына чыга элекпиз, жадакалса өз кызматкерлерибиз арасында тазалоо иштерин бүтүрө албай жатабыз. Ооба, үч жыл ичинде кандайдыр бир деңгээлде коррупция азайды, бирок толугу менен жоюла элек. Биз коррупцияга малынгандарды кармап, кайра эле кое берип жатабыз. Биз мындайдан чарчадык. Эмне кылышыбыз керек? Демек, мыйзамдуу түрдө коррупция үчүн жазаны күчөтүү зарыл. Биз коррупцияга аралашкан адамдардын ошол эле кылмышты кайра жасоого мүмкүнчүлүгү болбогондой кылышыбыз керек”, - деп белгилеген Камчыбек Ташиев.

Бүгүнкү күндө УКМК башчысы коомдо коррупцияга каршы күчтүү позицияны калыптандырууда. Анын позициясы жөнөкөй жана түшүнүктүү – ким гана болбосун ууру кылса, ал камалышы керек. Мындай учурда ага эч кандай байланыштары, тааныш-билиштери жардам бере албайт. “Эми бир дагы коррупционер жаза мөөнөтүн өтөбөй туруп бошотулбайт. Алгач ал мөөнөтүн өтөп, андан кийин гана бошотулат, ага шарттуу бошотуу жолу каралбайт. Коррупционер – мамлекеттин башкы душманы, коррупцияны жок кылганда гана биз жеңишке жетишебиз”, - деген ал.

Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматкерлеринен анын атын жамынгандарды аныктап, катуу жазалоону, жадакалса туугандарына карата да ушундай мамиле кылууну талап кылат. Бул анын принципиалдуулугунан кабар берет.

“Менин жакындарым менен телефон аркылуу сүйлөшө турган болсоңор дагы жоопко тартыласыңар. Эгер алар тараптан кандайдыр бир өтүнүчтөр жана тапшырмалар боло турган болсо, аны аткарбашыңар керек. Эгер силердин алар менен жолукканыңарды билчү болсом, силерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Мен өз кызматыма таянып эч кандай жеке маселемди чечпейм”, - деген УКМК башчысы.

“Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун учурунда өлкө үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынып жатканда кимдин туугандары катышкандыгы элдин эсинде. Эми өлкөдө мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керек”, - деп белгилеген Ташиев.

Муну менен ал мурдагылардын катасы кайталанбай тургандыгын так кесе айткан. Учурда коррупция менен күрөш бардык тармактарда жүрүп жатат, анын ичинде саясий чөйрөгө да жетти.

Бүгүн Камчыбек Ташиев 56 жашка толду. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жамааты УКМК төрагасын чын жүрөктөн куттуктайт, жана бекем ден соолук, бакубатчылык, ишине ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий