• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ташкент шаарында кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмонов эскерилди

Маданият 0

Ташкент, 30.11.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент шаарындагы “Турон” китепканасында кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмоновдун жаркын элесине арналган адабий кече болуп өттү.

Иш-чарада Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбектандын белгилүү акындары жана жазуучулары, ошондой эле Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Атантай Акбаровдун жетекчилигиндеги делегация катышты.

Адабий кечеде таланттуу акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгынын жалпы туркий адабияттын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кенен сөз болуп, акындын чыгармалары кыргыз, казак, түрк, азербайжан жана өзбек тилдеринде жаңырды.

ТИКАнын Өзбекстандагы өкүлчүлүгү тарабынан катышуучуларга сертификаттар жана эстелик сыйлыктары тапшырылды.

Иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун демөөрчүлүгүндө 26-30-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эл аралык поэзия фестивалынын кезектеги XVI жыйынынын алкагында уюштурулду.

Бул эл аралык фестиваль 1992-жылдан бери өткөрүп келинет. Буга чейин ал Бурса (Түркия), Алматы (Казакстан), Ашхабад (Түркмөнстан), Гирна (Кипр), Страсбург (Франция), Ускуб (Македония), Баку (Азербайжан), Призрен (Косово), Казань (Орусия/Татарстан), Бишкекте (Кыргызстан), Түркстанда (Казакстан), Киржаалиде (Болгария), Кунёдо (Түркия) өтүп келген.

Пикир

Оставить комментарий