• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташкентте 35 ЖОЖ, 132 мектеп жана 22 бала бакча карантинге жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Ташкентте коронавирус пандемиясына байланыштуу 35 жогорку окуу жай (ЖОЖ) эки жумалык карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Нодира Султонмуродова билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары 15 атайын билим берүү мекемеси, 132 мектеп, 22 бала бакча, үч дарылоо-профилактикалык мекеме жана эки кызмат көрсөтүү объектиси да 14 күнгө жабылды.

Султонмуродова Ташкентте күн сайын COVID-19ду аныктоо боюнча 8 миңге чейин лабораториялык тест өткөрүлүп, алардын 2,5-3,5% тастыкталып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Ташкент облусундагы жана Самарканд шаарындагы мектептер менен бала бакчалар карантинге жабылганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий