• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда соода борборундагы жарылуудан бир киши каза болуп, тогузу жаракат алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. 7-декабрга караган түнү Өзбекстандын түштүгүндө жайгашкан Денау шаарындагы соода борбордо жарылуу болуп, бир киши өлүп, дагы тогуз адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, шаардын борборунда жайгашкан "Инденим" аттуу эки кабаттуу соода комплекстеги жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча 3:57де болгон. Жарылуудан кийин өрт башталып, жыйынтыгында имараттын дубалдарынын бири урап түшкөн.

"Жарылуудан тогуз киши жаркат алып, шаардык ооруканага жеткирилди. Урандылардын арасынан бир кишинин сөөгү табылды", — деп жазылган ӨКМдин билдирүүсүндө.

Азырынча жарылуунун себептери айтыла элек. Учурда кырсык болгон жерде Өзбекстандын биринчи вице-премьери Ачилбой Раматов баштаган өкмөттүк комиссия иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий