• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ташкентте "Саманчынын жолу" спектакли ѳзбек кѳрүүчүлѳрүнѳ тартууланды

Маданият 0

Ташкент, 21.07.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында күн мурун Ташкент шаарындагы Ѳзбекстан музыкалык драма театрында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айматовтун чыгармасынын негизинде "Саманчынын жолу" спектакли коюлду.

Чыгармада баяндалган адамзаттын башына түшкөн мүшкүл, оор сыноо, согуштун зулумдугунан жүрөгү канаган эненин ички трагедиясы, тынчтыкка, бейпилдикке болгон көксөө, ошондой эле карапайым калктын кайгысы менен кошо ширелишкен жаркын келечекке болгон үмүтү, чыдамкайлуугу, сабырдуулугу кыргыз артисттери тарабынан зор чебердик менен аткарылышы ѳзбек кѳрүүчүлѳрүнүн купулуна толду.

Спектакль КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Алымгазы Конушбаев жана башка ѳнѳрпоздор тарабынан коюлду.

КР эл артисти А.Назаркулова, КР эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты А.Сыдыгалиева, КР эмгек сиңирген артисттер Ж.Касейинов, А.Мурадилаев, В.Сариева, А.Кыйыкбаева, Б.Шаршенбаев, Ө.Израилов, артисстер Ж.Исакова, М.Асанбекова, А.Карагулов, С.Турдумамат уулу чыгарманын каармандарынын образын ишенимдүү жана ѳтѳ таасирдүү аткарышты.

Пикир

Оставить комментарий