• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ташкентте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленди

Маданият 0

Ташкент, 12.12.24./Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде күн мурун "Чыңгыз Айтматов – тынчтык жана достуктун ырчысы" темасында тегерек стол өттү.

Иш-чарада университеттеги "Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан" туруктуу көргөзмөсүнүн төрагасы, Jahon alabiyeti журналынын башкы редактору, профессор Ахмаджон Мелибоевдин, Өзбекстандын белгилүү окумуштуулары Сувон Мели, Мухтор Худойкулов, Хамидулла Болтабоев, Дадахон Ёкубов, Толкун Эшбек жана башкалар кыргыз жазуучусунун коомдук-философиялык көз караштары бүгүн дүйнө коомчулугун тынчтыкка жана кызматташтыкка чакырып жатканын, дүйнөнүн окурмандары үчүн руханий баалуулукка айланганын баса белгилешти.

Профессор Мелибоевдин айтымында, дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын кеңири изилдөө, анын чыгармалары менен адабий мурасын жайылтуу Өзбекстанда жакшы салтка айланган.

"Кайталангыс чыгармачыл талант, улуу сөз устатынын терең жана абдан маанилүү тексттери, чыгармаларынын философиялык маани-маңызы дайыма чеберчиликтин мектеби катары каралат. Жазуучу өзбек элиин тарыхын жана маданиятын жакшы жана терең билген, анын бай руханий мурасын жогору баалаган", – деп белгиледи ал.

Эскерте кетсек, өткөн жылы жетимиш өзбек изилдөөчүсүнүн макалаларынан түзүлгөн "Эки элдин азиз уулу" аттуу чоң жыйнак жана он томдук "Чыгармалар" окурмандарга тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий