• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнө арналган илимий-практикалык конференция өттү

Саясат 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Борбордук Азиянын эл аралык институту жана КР президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен биргеликте өткөзүлгөн "Өзбекстан – Кыргызстан: ар тарпатуу стратегиялык өнөктөштүктүн синергиясы" аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференция эки тараптуу, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын бирдиктүү аракеттерин иштеп чыгуу, ошондой эле биргелешкен өз ара кызматташуунун конкреттүү багыттарын талдоо максатында уюштурулган.

Иш-чарага КР президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Санжар Муканбетов баштаган аталган институттун делегациясы, Борбордук Азиянын эл аралык институтунун директору Жавлон Вахабов, Өзбекстандын алдыңкы аналитикалык борборлорунун жана илимий-изилдөө институттарынын жетекчилери жана эксперттери, ошондой эле Өзбекстандын Олий Мажлисинин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Элчи Жаманбаев өз сөзүндө конференциянын жыйынтыгы жаңы келечектүү демилгелерди жана мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө болоруна жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында КР президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Борбордук Азиянын эл аралык институтунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий