• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкенттин абасында зыяндуу заттар нормадан 15 эсеге көп катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. 12-февралда саат 11:00гө карата Ташкентте абада зыяндуу PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) сунуштаган нормадан 14,5 эсе жогору болду.

IQAir порталынын маалыматы боюнча, Ташкенттеги мониторинг станциясы 160 AQI жыйынтыгын көрсөттү. Бул PM2.5 концентрациясы ДССУ сунуштаган көрсөткүчтөн 16 эсе жогору дегенди билдирет. Учурда Ташкент дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын арасында 11-орунда турат.

Бул тизмеде Кабул 9-орунда, Астана 34-орунда, Бишкек 48-орунда турат.

Мурдараак жергиликтүү басылмалар Өзбекстандагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн айлана-чөйрөнү булгаган ири ишканалардын айланасында "жашыл тилкелерди" түзүү боюнча кошумча чаралар каралып жатканын жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий