• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы куруу үчүн каражат изделүүдө – Бишкектин вице-мэри

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы куруу үчүн каражат изделүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

Анын айтымында, быйыл Бишкектеги таштанды жайында жаңы таштанды жайы жана таштандыны бөлүштүрүүчү ишкана салынат.

"Биринчи баскычта ал жерде жаңы таштанды жайы салынат. Ал таштанды жайы быйыл күз айларында ишке берилет. Экинчи баскычта, ошол жердеги таштандыларды бөлүштүрүүчү жана таңгактоочу ишкананы салуу боюнча иш жакында башталып, ишкана 2020-жылдын декабрь айында ишке берилет. Ошондой эле ал жакта таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы куруу үчүн гранттык каражаттарды издеп жатабыз. Эгер бул маселе туура чечилип калса, ал иш 2021-жылы улантылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий