• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тажик тарап кайрадан ок чыгарды. Саат 18:30га карата алынган ыкчам маалымат

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-сентябры саат 18:30га карата Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларына кайрадан ок чыгарды.

Ошондой эле Баткен районунда Тажикстандын залптык реактивдүү системалары (РСЗО) тарабынан аткылоо орун алды.

КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну толук токтотуу жана окуяны деэскалациялоо боюнча бардык чараларды көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий