• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто Баткенден келгендер үчүн убактылуу жайлар даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Ош шаарында Баткен облусундагы чек ара чырынан улам келгендерди Жогорку окуу жайлардын жатаканаларына жайгаштыруу үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай аракет мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, учурда Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултулуп, биринчи керектелүүчү продукция жүктөлгөн 2 фура жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий