• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад: Бүгүн шаардын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 28.08.20 /Кабар/. Бүгүн, 28-август күнү Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу калаадагы Э.Алиев, Ибраимов, Достук, Шерматов, Артыкбаев, Б.Осмонов, Тоголок Молдо, Кыргыз Республикасы көчөлөрүндө саат 10:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий