Бишкек. 21.05.19 /Кабар/. Тажикстандын өкмөтү көрүстөндөрдөгү уруксатсыз курулган чоң күмбөздөрдү бузуу чечимин кабыл алды. Учурда өлкө аймагындагы күмбөздөрдү Башкы прокуратуранын алдындагы Жер тилкелерин көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте текшерип жатышат.
Хатлон облусундагы текшерүү тобунун мүчөсү аймактагы күмбөздөрдүн көбү мыйзамсыз курулганын жана айрым айдоо жерлери көрүстөн катары пайдаланылып жатса, кээ бир жерлерде тургундар мүрзө аянтын ээлеп, турак-жай куруп алышканын билдирди.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө Хатлондогу бир дагы мавзолейдин расмий документтери жок экени аныкталды. «Көрүстөндөрдү колдонуу тартиптери тууралуу» өкмөттүн токтомуна ылайык, тарыхый баалуулуктарга ээ мавзолейлер коргоодо болот. Ал эми мыйзамсыз курулган жана ээлери тарыхый баалуулугун далилдей албаган калган чоң күмбөздөр бузулат. Аз аянтты ээлеген кичинекей күмбөздөр дагы сакталып калышы мүмкүн», — деди ал.
Тажикстанда жарандык согуштан кийин колунда бар жарандар ата-бабаларынын мүрзөлөрүнө чоң-чоң күмбөздөрдү тургуза башташкан. Алардын көбүнүн расмий документтери жок жана курууда архитектура нормалары сакталган эмес. Учурда өлкөдө күмбөздөрдү тургузууга тыюу салынган.
Акыркы кылымдарда Тажикстандын аймагында жерге берилген белгилүү дин адамдарынын мүрзөлөрүнө көптөгөн күмбөздөр тургузулган. Алар расмий түрдө маданий-тарыхый мурас объектилери деп табылган. Мындай күмбөздөрдү өлкөнүн көптөгөн шаар жана район аймактарынан көрүүгө болот.
2017-жылы тажик өкмөтү «Көрүстөндөрдү колдонуу тууралуу» токтом кабыл алган. Анда көрдүн узундугу эки метрден, туурасы менен бийиктиги бир жарым метрден ашпашы керектиги белгиленген.
Пикир
Оставить комментарий