• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Циркте февралдан тарта көрүүчүлөргө жаңы программа тартуулана баштайт – Аширова

Коом 0

Бишкек, 18.01.25. /Кабар/. Жаңыланган циркте февралдан тарта көрүүчүлөргө жаңы программа тартуулана баштайт. Бул тууралуу А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин жетекчиси Светлана Аширова "Кабар" агенттигине билдирди.

"Кыргыз мамлекеттик цирки 2024-жылдын 6-декабрынан 29-декабрына чейин, ал эми жаңы жылда 2-январдан 15-январга чейин жаңы жылдык программаларды тартуулады.

Буга чейинки программаларда канатта басуу, аба гимнастикасы, жаа атуу аяз жана башка номерлер аяз ата, аяз кыздын коштоосу менен өттү. Жаңырган жылда А. Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин жамааты маданият министрлиги тараптан белгиленген программаларды, 15-январга чейин коюп бүтүп, кыска мөөнөттүү эс алууга чыккан.

Себеби, артистердин иши өтө оор болгондуктан физикалык жактан эс албай иштей беришсе консентрациясын жоготот.

Дүйшөмбү, 20-январдан тарта жумушка чыгып, жаңы программага даярдыкты баштоо алдында турабыз. Даярдык менен бирге 15-февралдан тарта “Новая лампа Алладина” программасын көрүүчүлөрдүн назарына сунуштоо пландалууда.

Цирктин программасы тууралуу биздин инстаграм баракчабыз аркылуу маалымат берилип турат",- деди ал.

Белгилей кетсек, билеттер kassir.kg тиркемеси аркылуу онлайн түрүндө же цирктин кассасында накталай төлөмсүз сатылат.

Пикир

Оставить комментарий