Тендерлерге атаандаштыкты өнүктүрүп, жергиликтүү ишканалардын көбүрөөк катышуусуна жол ачылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 20.21.9 /Кабар/. Жогорку Кеӊеш жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Марлен Маматалиев, Абдыбек Дүйшалиев жана Мирлан Бакиров.

Экинчи окуудагы мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Гүлшат Асылбаева алып чыкты.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тендерлерде атаандаштыкты андан ары өнүктүрүү, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге катышууга жергиликтүү ишканаларды көбүрөөк тартуу максатында иштелип чыккан.

Бул мыйзам тендерлерди өткөрүүнүн адам факторунун кийлигишүүсү толук жокко чыгарыла турган электрондук системасын киргизүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын бир кыйла ачык-айкын системасын курууга багытталган.

Чындыгында эле мамлекеттик сатып алуулар системасына оӊ таасир тийгизген бир топ жагдайлар түзүлдү. Бирок, тилекке каршы, тендерлерди өткөрүүнүн электрондук системасын буйтап өтүү механизмдери бар экендигин практика көрсөтүп жатат.

Демилгечилердин негиздемесине ылайык, долбоор аркылуу кайсы бир компанияны жактабасын деген максатта алгач эч нерсеге карабай туруп сапатына көңүл буруу үчүн техникалык талаптарга жооп берерин аныктап, андан кийин баасын аныктоо этабына өтүү ыкмасы сунушталууда.

Талкууда аракеттеги мыйзамда коррупциядык элементтерге жол берүүчү жагдайлар четтетилип, жокко чыгарылып жаткандыгы такталды. Мындан сырткары, тикелей келишим түзүүгө уруксат берүү маселесине түзөтүүлөр киргизилип жаткандыгы белгилүү болду. Бир катар эл өкүлдөрү жер-жерлердеги айыл өкмөттөрү, шайлоочулар дал ушул «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам боюнча нааразылыктарын айтып жатышкандыгын билдиришти.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, долбоор аркылуу коррупциялык жагдайлар менен кайра-кайра тендер өткөрүүгө, же анын мөөнөтүн жылдап узартууга бөгөт коюлууда.

Жыйын жүрүшүндө мыйзам долбооруна редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча бир катар сунуштар болгондуктан, мыйзам долбоорун комитеттин жыйынында 2-окуунун режиминде кароого жиберүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий