• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоого ээ болду.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы. Ал эми мыйзам долбоору тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов маалымат берди.

"Мыйзам долбоору кабыл алынса, каралып жаткан мыйзамдын ченемдери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана стандарттарга ылайык келет, анткени террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүүнүн колдонуудагы механизмдери сакталууда, ал эми “террористтик ишти каржылоого, экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоого, уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоого каршы аракеттенүү” түшүнүгү “кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү” түшүнүгүндө топтоштурулат",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий