• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Тилек Текебаев Арстанбаптагы сел кесепеттерин жоюу иштери тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 24.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” агенттигине аймактагы сел кесепеттерин жоюу иштери тууралуу маалымат берди.

Тилек Текебаевдин айтымында, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылына кечээ саат 18:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары келген. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.

“Биз буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу тараткан маалыматтарын эске алып, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Мындан улам эл көп чыгымга учураган жок десек болот. Азыр сел суулары каптаган объекттерге келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатат. Сел суулары бир оорукананы, дүкөндөрдү, 5 көпүрөнү, ички чарбалык жолду каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен”, - деди ал.

Ошондой эле облус жетекчиси сел жүрүшү мүмкүн делген аймактарда арыктарды, каналдарды жана көпүрөлөрдүн алдын тазалоо иштерине көңүл бурулгандыктан, Ноокен районундагы катуу жааган жаандан улам келген сел суулары өз нугунда кеткенин белгиледи. Ал эми Арстанбаптагы сел кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынында тиешелүү тапшырмалар берилгендигине токтолду.

“Кечээ жеринде калыбына келтирүү иштерине ӨКМдин, Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан да тартылып, тазалоо иштеринин көпчүлүк бөлүгү аткарылып бүткөн. Азыр да тазалоо иштери уланууда”, - деп белгиледи Текебаев.

Облус башчысы тактоо иштеринин жүрүшүндө айрым соода күркөлөрү өз билемдик менен мыйзамсыз коюлуп калгандыгы аныкталып жаткандыгын айтты. Мындай көрүнүштөр дагы кайталанбашы үчүн район-шаарларда бул багытта иштер жүргүзүлөт.

“Күн мурун сел суулары кирген кээ бир соода-сатык жайлары мыйзамсыз салынганы белгилүү болду. Мен кызматкерлерге ушундай объекттерди тактоону тапшырдым. Аларды жаап салбай, ишин улантуу үчүн коопсуз жерлерден орун берүү керектигин айттым. Азыр Ала-Бука районундагы базарды коопсуз аймакка көчүрүүнү пландап жатабыз. Ал жакта соода кылууга бардык шарттар түзүлгөн. Соодагерлерге кайрылып кетет элем, бардыгыбыз мыйзам чегинде иш алып барышыбыз керек. Ошондо гана табигый кырсык болгон учурда зыянга учурабайт элек да”.

Мындан тышкары, Тилек Текебаев эс алуучу жайлардан табигый кырсыктар катталган учурда туристтерди тез арада эвакуациялоо үчүн атайын карталарды иштеп чыгуу тууралуу тапшырмалар берилгендигин билдирди.

Ошол эле маалда жергиликтүү тургундарга турак жайларын камсыздандыруу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтты.

“Ондогон жылдар мурда сел жүргөн аймактарды кайрадан карап чыгууну тапшырдым. Анткени мурда сел жүргөн жерлерге кайрадан сел суулары келип жатат. Ошол себептен мониторингди жүргүзүү керек. Анткени чыгымдын ордун толтурууда турак жайлар камсыздандырылган болсо, бериле турган каражат ашыкча болбойт эле”, - деди Текебаев.

Пикир

Оставить комментарий