• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Тилек Текебаев Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад облустук согуштун, оруктун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында облуста аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу сөз болуп, социалдык-экономикалык, инфраструктуура жаатындагы сезилерлик жылыштар бар экени белгиленди. Ошол эле учурда аксакалдар кеңештеринин коомдогу орду, аймакты өнүктүрүүдөгү өндүрүштүк ишканаларды ачуу, жаштар арасында улуттук баалуулуктарды жайылтуу маселелери айтылды.

Облус башчысы ардагерлердин турмуштук жана жумуштагы бай тажрыйбасы, жаштар үчүн үлгү экенин айтып, ар дайым тыгыз кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий