Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Иран Исламдык Республикасынын элчиси Али Моджтаба Рузбеханини кабыл алган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашкан. Андан тышкары эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну келечегин жана көп жактуу кызматташууну сөз кылышкан.
Пикир
Оставить комментарий