• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ТИМ кыргызстандыктарды убактылуу Израиль жана Ливанга барбай турууну эскертет

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги израиль-ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кыргыз жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт.

Ошондой эле ведомство Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн белгилейт.

"Аталган өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Кувейттдеги (+96525359951), Түркиядагы элчиликтеринин (+905456896800) жана КР ТИМдин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам, же консультация алуу үчүн кайрыла алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий